• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

73 жаштагы баткендик карыя жөө 21 күндө Бишкекке жетти

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Баткен шаарынан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, карыя 14-ноябрь күнү Баткенден жөнөп, 25 күндө борборго жетүүнү максат кылган. Бирок 21 күн дегенде бүгүн, 5-декабрда Бишкекке жетти.

Абдыбакир Имаров улгайып калганына жана аба ырайынын суугуна карабастан, 1000 чакырымды жөө басып өтүүнү чечкен. Муну менен ал жарандарды сергек жана бакубат жашоого үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий