8-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-февралдан 8-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

4-8-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.

7-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 8-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жана 8-февралда жаан жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен жана күндүз, 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

7-февралда эртең менен жана күндүз, 8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жана 8-февралда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-8-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-8-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий