• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Кулжада милиция кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук милиция кызматкерине 13-январда ок атуучу курал менен кол салган жаран бүгүн, 3-февралда кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерине кол салуу фактысы Кара-Кулжа райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, Жазык кодексинин 39-130-беренеси ("Адам өмүрүнө кол салуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын 46 жаштагы У.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгонун билдирген. Ал түндө мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралы менен милиция кызматкерин атып жибергендигин айткан.

Түнү менен үйүнө кайтып келип, кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген. Ал эми мылтыктын найын (стволун) үйүнүн дарбазасынын түтүгүнө салып жибергендигин көрсөткөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан буюмду далил катары алуу максатында дарбазанын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын найы табылган. Табылган буюм экспертизага өткөрүлүп берилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий