• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Эртең, 8-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Гагарин" жана "Юго-Западный" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 8-октябрда саат 9:00дөн 00:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, "Рабочий Городок", "Институт Землиделия", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана "Тенир-Тоо" конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий