• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

9 ай ичинде жол кырсыгы 496 адамдын өмүрүн алды

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде жол кырсыгы 496 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан тогуз айда 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болсо, 6 миң 271 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышкан.

"Ошондой эле балдардын катышуусу менен 915 жол-транспорттук кырсык катталып, 59 бала каза болду. 1063 бала ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий