• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токмок шаарында каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Токмок шаарында суудан 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-мартта Токмок шаарынын Зеленая менен З.Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, учурда анын өздүгү такталууда жана укук коргоо кызматкерлери тийиштүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий