• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

А.Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-майда Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 42-жыйынына катышуу үчүн келишкен КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жылуу учурашып, аларды коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтар биргелешкен ишмердигинин сапатына байланыштуу болоорун жана биргелешкен аракеттер менен гана азыркы кездин чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу каршы турууга болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Пикир

Оставить комментарий