• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Аба ырайына байланыштуу ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Коом 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын темпратурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Гидреметеорология агенттигинин божомолдоосуна ылайык 2018-жылдын 26нан 30-январына чейин абанын температурасы кескин төмөндөп катуу үшүк, кар көчкү жана башка процесстер менен кубулуштардын жандануусу күтүлүүдө.

Ага ылайык КР ӨКМнин баардык ведемстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары 24-январдан тарта күч каражаттарын даярдыка келтирип, күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

-Өзгөчө кырдаалга чара көрүү максатында ыкчам тайпаларынын 10 мүнөттүк, ал эми негизги күчтөрүнүн 40 мүнөттүк даярдыктары белгиленди.

-Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча күч жана каржаттардын даярдыгын камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар көрүлдү.

-Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн өздүк курам керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий