• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин мэриясы жылуулук мезгилине убагында даярданууну убадалайт

Коом 0

Бишкек, 28.08.18./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мөөнөтүндө жылуулук сезонуна даярданууга сөз берди.

Шаар башчысы Азиз Суракматовдун төрагалыгы астында вице-мэрлердин, шаардык кызматтардын жетекчилеринин жана мэриянын структуралык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өттү.

Кеңешме учурунда жылуулук мезгили тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымов учурда жылуулук сезонуна карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.

Андан соң отурумдун жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого даярдык дагы талкууланды. Шаардык кызматтар Ала-Тоо аянты иш-чарага даярдалып жатканын, салтанаттуу иш-чаранын планы иштелип чыкканын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий