• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75564 аскер бөлүгүнө Күжүрмөн байрак тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75564 аскер бөлүгүнүн командирине Күжүрмөн байрак тапшырды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдык салтанатка облустук, райондук администрациянын өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана аскер бөлүктүн ардагерлери катышты.

Нурлан Кирешеев өз сөзүндө Күжүрмөн байрактын аскер түзүмү үчүн жогору мааниге ээ экендигин белгилеп, бардык аскер кызматчыларды эрдиктин, кайраттуулуктун күжүрмөн салттарын бек тутууга, ар бир аскер кызматчысы Мекен коргоонун, каармандыктын жана Ата журт даңкынын символу болгон Күжүрмөн байракты жана Мекенди коргоо боюнча ыйык милдетти дайыма эсте тутууга чакырды.

Салтанаттуу иш-чара аскер бөлүктүн өздүк курамынын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, аскердик бөлүктүн Күжүрмөн байрагы өзгөчө ардактуу белги болуп саналып, аскердик түзүмдүн күжүрмөн дайындалышынын өзгөчөлүүлүгү жана тарыхы, татыктуу кызматы менен Куралдуу Күчтөргө тиешелүүлүгүн көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий