• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз эл акыны Омор Султанов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султанов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Залкар акын Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган. Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.

О.Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж.б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бертольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мистраль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондун түзгөн жана анын президенти.

Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш союздарынын вице-президенти, Кыргызстан-Тажик достук коомунун президенти, Москвадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган. 2007-2009-жылдар арасы Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.

1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы, 1995-жылы «Манас 1000» медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, 2004-жылы 3-даражадагы «Манас» ордени, 1999-жылы Казакстандын Президентинин жарлыгы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Женевадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын «Ломоносов», «Достук» ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон. 1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск, 1977-жылы Киров шаарларынын, 1989-жылы АКШнын Шарлотта шаарынын жана Казакстандын Астана шаарынын ардактуу атуулу болгон.

Омор Султанов - азыркы кыргыз поэзиясынын алпы. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий