• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бишкекте кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушуу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын Ленин райондук администрациясы тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү чакырылган.

Жолугушууда медицина кызматкери чакырылган ата-энелерди оорунун статистикасы менен тааныштырып, балдарды ооруга каршы милдеттүү эмдөө тууралуу маалымат берди.

Жолугушуулар кызылча жана кызамык эпидемиясын алдын алуу максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий