• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Зыян дээрлик 6 млн сом. "Манас" бажысы мыйзамсыз фактыны аныктады

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. "Манас" аэропортунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды, келтирилген зыяндын суммасы дээрлик 6 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттерди "Манас" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аныктаган.

"Х.Д.Ф" ЖЧКсы "Алымсыз соода" жол-жобосуна жайгаштыруу менен алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын жана тамак-аш азыктарын алып келген. Бирок, алымсыз соода дүкөнүн текшерүү учурунда бажы шарттарында декларацияланбаган товарлар, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган товарлар ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаганы аныкталган. Төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 млн 951 миң 138 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, "Х.Д.Ф" ЖЧКсы бажы органына берген отчеттордо БАМСтын маалымат базасында маалыматтар болгон эмес, ушуну менен атайылап жалган маалыматтар берилген, бул өз кезегинде КР мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий