• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абдыманап Масалиев: Үймө-үй кыдырууну даават деп атоо жаңылыштык

Коом 0

Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Даават деген сөз динге чакыруу дегенди түшүндүрөт. Дааватчы деген сөздү бир жамаатка энчи кылбаш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыманап Масалиев дин иштерин жөнгө салган мыйзам долбоору тууралуу ЭлТР телеканалында болгон талкууда билдирди.

Ал азыркы мыйзамда тартип маселесине басым жасалып жатканын белгиледи.

"Мыйзамдын 7-беренесине көңүл бура турган болсок, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат деген жери бар. Мамлекет бир эле ислам динин карабайт, христиан жана башка дин комиссиясынан өткөн бардык диндерди эске алуу менен жазылган мыйзам деп билем. Себеби, Кыргызстандын бардык жарандары бир гана динди карманат деген түшүнүк жок.

Мисалы, азан айткан, имам болуп элге кызмат кылган, медресенин директору, мугалим, карылардын баары дааватчы болуп эсептелет", - деди ал.

Дин ишмери кошумчалагандай, дааватты элдерге сүннөт катары сыпаттап, дааватка чыкпасаң күнөөкөр болосуң деген түшүнүктөрдү киргизгендиктен, коомдо мусулмандар арасында келишпестиктер болду.

Эске салсак, 2008-жылы кабыл алынган "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2 айдан ашык убакыттан бери мыйзамдын долбоору коомчулукта кызуу талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий