• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

10-15-июлда нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. 2017-жылдын 10-15-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Бүгүн, 11-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 10-июль күнү 02-34/484-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий