Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар туризмден киреше таба баштаганда "Кара-Кече" көмүр кенин иштетүү токтотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча отурумда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Отурумда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, көмүр кени Сөң-Көл көлүнө зыян келтирип жатат деген оюн айтышты.
"Жергиликтүү элди колдоо, жумушчу орундар болушу үчүн көмүр казууга туура келүүдө", - деди ал.
Ал, эл туризмден киреше таап, өзүн бага алганда көмүр кени жабыларын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий