Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. «Түз инвестициялар аймактарды өнүктүрүүдөгү башкы ресурс болушу керек», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө.
Премьер-министр белгилегендей, жакынкы беш жылда инвестициялардын жылдык көлөмү 300 млн АКШ долларына жетиши керек.
Премьер-министрдин айтымында, жыйынтыгында ар бир жетекчиге тиешелүү баа берилет, ал тартылган инвестициялардын көлөмүнөн көз каранды болот.
«Инвестициялар борбордон алыстатылып, аймактардын өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-экономикалык абалына жараша багытталат. Буга байланыштуу «РСК банк» ААК, «Айыл банк» ААК жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жетекчилерине жыл аягына чейин инвестициялоо көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен аймактарды даректүү каржылоону активдештирүү тапшырылган», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, мамлекет тарабынан өлкөнүн облустарын пландык финансылык колдоо өз убагында колдонулушу шарт.
Ал 2018-жылы «Айыл чарбасын каржылоо - 6» программасын ишке ашыруунун алкагында айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө 5,8 млрд сомго жеңилдетилген насыя берүү пландалып жатканын билдирди.
«Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2018-жылдын 1-июнуна карата 1064 долбоорду 267 млн АКШ долларына каржылаган. Ишке киргизилген өндүрүштүк долбоорлордо 75 255 жаңы жумуш орду түзүлгөн», - деди Өкмөт башчы.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо деңгээлин арттыруу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы тарабынан жалпы суммасы 3,5 млрд сомго жылдык 8-10% менен 3229 ипотекалык насыя берилген.
Өкмөт башчы ошондой эле учурда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарын финансылык жана донорлук ресурстар менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Ошону менен бирге ал белгилегендей, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан аймактык талаптар коюлган. Бул - коммерциялык банктар үчүн – региондордогу долбоорлор боюнча кредиттер 50 пайыздан төмөн болбош керек, ал эми мамлекеттик катышуусу менен болгон банктарга – 60 пайыздан төмөн эмес.
Премьер-министр ырастагандай, өндүрүштүк кубаттуулукту аймактарда болгон сырьего жараша бөлүштүрүү зарыл.
«Бул багытта жеке сектор менен тыгыз иштешүү керек. Өлкөбүздө чакан жана орто ишкердиктин салымы ИДПнын 40%нан көбүн түзөт. Орто чакан ишкердиктин – ички дүң продукциянын түзүмүндөгү үлүшүн – 2023-жылга чейин 50%га өсүшүн камсыз кылууга милдеттүүбүз», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, жеке ишкердиктин активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн баштапкы жагымдуу шарттарды түзүү керек. Бул багытта Өкмөт дотациялык аймактарда ачылган жаңы өндүрүш ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан, сатуудан алынуучу салыктан жана жер салыктарынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр Салык кодексине киргизилди.
«Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга мамлекеттик текшерүүчү органдардын текшерүүсүнөн бошотулду. Азыркы учурда салыктык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү жана бизнес-омбудсмен институтун киргизүү маселеси Өкмөттө каралып жатат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ошондой эле Премьер-министр кошумчалагандай, айыл чарба кооперативдерин ишмердүүлүгүн колдоо максатында Өкмөт тарабынан нормативдик укуктук-актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Анын ичинде МТСтер, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери пайдадан алынуучу салыктан бошотулат, айыл чарба азыктарын жана кайра иштетүү продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотулат, импорттун негизги каражатынан кошумча нарк салыгын бошотулат, ошондой эле мүлк салыгынан 50 пайыз бошотулуу мүмкүндүгү түзүлөт.
«Булар менен катар күрөө маселесин чечүү максатында жаңы финансылык инструмент күбөлүк түрүндө киргизилди жана бул механизм аркылуу фермерлер алган түшүмүн кампага күрөөгө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Уюштуруу комитетинин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, өлкөнүн облустук жана райондук жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү актив өкүлдөрү катышышты.
Пикир
Оставить комментарий