АЧК-12 долбоору боюнча 3,03 млрд сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 20-июнуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоордун алкагында республиканын 7 655 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 35,18 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 709,19 млн сом суммасында 6 633 субъектти түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 325,99 млн сом суммасында 1 022 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 20-июнуна карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

(млн сом)

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика боюнча бардыгы

7 655

3 035,18

1

Чүй облусу

1 209

468,16

2

Ысык-Көл облусу

1 186

417,93

3

Талас облусу

868

329,53

4

Нарын облусу

920

373,9

5

Жалал-Абад облусу

1 714

720,65

6

Ош облусу

1 298

537,81

7

Баткен облусу

460

187,2

Пикир

Оставить комментарий