• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 2-сентябрда борбордун Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

“2023-жылдын 2-сентябрында КР ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. М.А.К.га карата (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) 2023-жылдын 24-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды”, - деп айтылат маалыматта.

Мадумаров КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси “Мамлекеттик чыккынчылык” боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу башкы прокурордун сунушуна макулдук берген.

Пикир

Оставить комментарий