• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте эртең №5 троллейбустун каттамы өзгөрсө, №14 троллейбус линияга чыкпайт

Коом 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Эртең, 3-сентябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу эртең №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Каттам түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Байтик Баатыр, Аалы Токомбаев көчөлөрү менен уланат. Ал эми №14 троллейбустук каттам толугу менен линияга чыкпайт.

Белгиленгендей, бул убакыт аралыгында Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллектор куруу үчүн жер иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий