• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Эртең Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Эртең, 3-сентябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакыт аралыгында Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллектор куруу үчүн жер иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий