Парламентте жалган жалаа жана мазактоо үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам талкууланып жатканда, айрым депутаттар жалган сөз менен адам укуктары, маалыматтык диверсия менен демократия сыяктуу жөнөкөй түшүнүктөрдү алмаштырып жатканы байкалды. Албетте, парламентарийлер биздей эле карапайым адамдар, айрым учурларда жаңылышы мүмкүн. Бирок, алар ээлеген статусуна жараша, Кыргызстандын маалымат мейкиндигине ар кандай уюмдар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга бир нече ирет аракет кылганын, коомду бөлүп жарганга умтулганын, өлкө жетекчилигин каралап, коңшу мамлекеттер менен мамилелерди чыңалтууга аракет жасаганын айырмалап билүүгө милдеттүү эле.
Мисал катары айта турган болсок, андай маалыматтык саботаждардын бири Кыргызстандын бийлиги Өзбекстанга жерлерди белекке берип жатат деген маалымат болгон. Мындай фейк маалыматты бир нече ЖМКлар, блогерлер жана өздөрүн активист дегендер таратышкан. Кийин калптын бети ачылып, ачык-айкын расмий түшүндүрмөлөр айтылганда гана жалган маалымат тараткандар, эч кандай түшүндүрмөсүз, кечирим да сурабай акырын виртуалдык мейкиндиктен маалыматтарын алып коюшкан.
Андан башка, алда канча олуттуу провокациялар дагы болгон. 2022-жылы күзүндө Тажикстан менен болгон чек ара чырында, айрым маалымат каражаттары расмий маалымат булактарга атайылап таянышпай, кыргыз армиясы биринчилерден болуп коңшу өлкөнүн аймагына бастырып киргени тууралуу маалымат таратышкан. Ошол маалда тескерисинче, биздин эл жабыр тартып, бейстабилдүү аймактан эвакуациялоо иштери жүрүп жаткан эле.
Мындай куру маалымат ошол мезгилде кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн эле? Албетте, эки өлкөнүн тең жарандарынын кыжырдануусун арттырып, тирешүүнүн масштабын кеңейтип, эки элди бири-бири менен кагылыштырып, жоготуунун санын дагы көбөйтүш үчүн атайын жасалган ыкма экени даана көрүнүп турбайбы.
Такталбаган, жалган маалымат тараткан үчүн 100 же 200 миң сом айыппул көппү же азбы, деги эле калп канчага бааланат? Мындай элементардык нерселерди депутаттык корпустун өкүлдөрү түшүнүүгө милдеттүү. Жалган маалымат сөз эркиндигине дагы, адам укуктарына дагы жана демократияга дагы эч кандай тиешеси жок.
Бишкек менен Ташкент чек ара келишимине кол коюуга даярдык жүрүп жатканда, Кыргызтан Өзбекстанга жерлерин берип жаткандыгы тууралуу атайын таратылган фейк маалыматтар өлкөдөгү кырдаалды солкулдатып турганын эстейли. Ал эми, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айрымдардын айткан жалган билдирүүлөрү, атайылап өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү максатын гана көздөгөндөй, атайын ойлонуп табылган шылтоо болгон.
Жалган маалымат таратуу дин жана жана этностор аралык конфликттерди жаратууга түрткү болуп, социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Ачык айтканда, бул мамлекетти алсыратууга багытталган долбоордун бир бөлүгү. Улуттук кызыкчылыкты, эгемендүүлүктү коргоого ар дайым даяр болгон Кыргызстан гана эмес, башка көптөгөн мамлекеттер да ушул жолду басып өтүшкөн. Ошол эле Грузия эгемендүүлүк жолуна түшүүгө аракет кылып, эл аралык мамилелерде өзү каалагандай жашоо жана эркин тандоону жарыялап, азыр кандай гана кыйынчылыктарга жана кысымга кабылып жатканын карап көрүнүз.
Медиа чөйрөнү мамлекеттин нерв системасы менен салыштырсак болот анткени, ал жөнөткөн сигналдар коом, бийлик жана жалпы мамлекет үчүн көрсөтмө болуп саналат. Эгерде медиа мейкиндиги калптын вирусуна чалдыкса, анда мамлекеттин ишмердүүлүгү олуттуу кыйынчылыктарга, ал тургай толук шал болуп калышы мүмкүн. Заман талабына ылайык, виртуалдык дүйнө, анын ичинде ар кандай сайттар, өлкөбүздүн жарандарынын жашоо мейкиндигинин бир бөлүгүнө айланып баратат. Бирок, бул тармак иргелген жана таза маалыматтар менен камтылган болуусу зарыл.
Бир сөз менен айтканда, адегенде депутаттык корпус терминологияларды түшүнүп алышы керек.
Биринчиси, акыл эс менен калчанып атайылап айтылган калп, бул демократия да , адам укугу да эмес. Кыргызстан жалаа жана маалыматтык провокацияларды коргогон бир дагы эл аралык конвенцияга кол койгон эмес. Экинчиден, фейктер улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып, коомду бөлүп жаруу үчүн өзгөчө бир максатты көздөшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, мыйзам атайылап жалган жалаа тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтөт. Калп айтпагыла, маалыматты текшергиле, экинчи тараптан комментарий алгыла, ошондо гана ЖМКнын жана ар кандай блогерлердин ишине эч ким тоскоол болбойт.
Бийликтин бул кадамы демократиянын принциптерин чектеп, адам укуктарын бузуп жатат деп түшүнбѳѳ керек. Тескерисинче, мамлекет өзүнүн суверендүү аймагынын бир бөлүгү катары, маалымат мейкиндигин коргоого милдеттүү жана муну биринчи кезекте депутаттар түшүнүшү зарыл.
Пикир
Оставить комментарий