Бишкек, 16.01.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Аймак өнүксө - өлкө өнүгөт, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жана Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана айыл өкмөттөрүнө унаалардын ачкычын тапшыруу аземинде.
Анын айтымында, Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы өзгөчө пилоттук долбоорго ылайык, министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берилет.
“Президенттин жарлыгына ылайык өлкөдө тарыхый мааниге ээ административдик-аймактык реформа жүргүзүлүүдө. Шаарларды өнүктүрүүгө ири суммада каражаттар жумшалууда. Шаарларды өнүктүрбөсөк ички миграция Чүйгө жана Бишкекке оордук келтирүүсүн уланта бермекчи. Быйыл Өзгөн районунда чоң жаңылык болуп, дүйнөлүк стандарттагы Өзгөн айланма жолу курулду. Өзгөн шаарынын ичиндеги жол тыгынын азайтуу мүмкүн болду. Өзгөн шаары да иретке келтирилет. Ал эми 150 миңден ашык адам жашаган Ысык-Ата району, Кант шаары Чүй облусундагы өнөр жайлуу аймакка айланат. Мамлекетте өлкөнүн ар бир аймагын өнүктүрүү боюнча жакшы пландар бар. Ал үчүн кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү 100 эселеп өз натыйжасын берет”, - деди Адылбек Касымалиев.
Минкаб башчысы белгилегендей, президенттин жарлыгына ылайык, өлкөдө административдик-аймактык реформанын биринчи этабы аяктап, экинчи баскычка өтүү багытында аталган эки район пилоттук негизде тандалып алынган.
“2024-жылы өлкөдө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын биринчи этабынан кийин бирдиктүү региондук программанын негизинде мамлекеттик органдардын райондук деңгээлде бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжаларын жогорулатуу зарылдыгы келип чыккан. Бул боюнча президенттин жарлыгы чыкты, ага ылайык өкмөттүн токтому даярдалды. Токтом менен Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чара пландары бекитилди”,- деди ал.
Эскерте кетсек, пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-январында башталып, 2025-жылдын аягына чейин анын натыйжалары толук талданып, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат.
Пикир
Оставить комментарий