• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу иштерди тизмектеди

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу бир катар иштерди тизмектеди.

Министрлер кабинетинин төрагасы төмөндөгүдөй максаттар коюлганын айтты:

- ИДПнын өсүү темпин орточо 9%да кармалат;
- Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырылат;
- ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткирилет;
- консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд сомдон 2030-жылы 1 триллиондон
- ашырылат;
- Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасалат;
- чакан жана орто бизнестин үлүшү 50%га жеткирилет;
- жакырчылыктын деңгээлин 17%га чейин кыскартылат;
- балдарды бала бакчалар менен 80%га чейин камтылат.

Пикир

Оставить комментарий