Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Атайын административдик району Гонконгдо ушул күндөрү өтүп жаткан Азия каржы форумунун алкагында Гонконгдогу “HSBC” (The Hongkong and Shanghai Banking Corporation) башкаруучу директору жана аппаратынын жетекчиси Дэниел Дрю менен жолугукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен “HSBC” ортосундагы кызматташтыктын келечеги, анын ичинде кыргыз жана эл аралык банктар ортосундагы корреспонденттик мамилелерди түзүү талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы дүйнөдөгү алдыңкы каржы институттарынын бири болгон “HSBC” менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы коммерциялык банктары Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарына, банктык көзөмөлдүн Базель принциптерине ылайык иш алып бараарын жана жыл сайын алдыңкы эл аралык аудитордук компаниялар тарабынан көз карандысыз аудиттен өтүп жаткандыгын белгиледи.
Ал ошондой эле кыргыз банктары “HSBC” менен корреспонденттик байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Дэниел Дрю, “HSBC” Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана Кыргызстан менен кызматташуу үчүн чоң потенциалды көрүп жатканын белгиледи.
Жолугушуу Кыргызстан менен “HSBC” ортосундагы мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулоо менен аяктады.
Маалымат үчүн: “The Hongkong and Shanghai Banking Corporation” ("HSBC") - башкы кеңсеси Лондондо, Улуу Британияда жайгашкан эл аралык банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүчү холдингдик компания. Бул көптөгөн өлкөлөрдү жана аймактарды камтыган кеңири тармагы менен дүйнөдөгү эң ири банктык жана финансылык конгломераттардын бири. “HSBC” чекене банкинг, капиталды башкаруу, коммерциялык банкинг, глобалдык банкинг жана рынокторду камтыган финансылык кызматтардын кеңири спектрин камсыз кылат.
Пикир
Оставить комментарий