Адылбек Касымалиев Татарстандын бир катар өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда минкаб төрагасынын биринчи орун басары кыргыз делегациясы менен биргеликте “Зеленодольск” өнөр жай паркынын аймагындагы “Татлифт” өндүрүш ишканасына барды.

Белгилүү болгондой, "Татлифт" ишканасы 2020-жылы негизделген жана ал толук циклдүү лифттерди чыгаруу боюнча Россиянын социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын резиденти болуп саналат.

Таанышуу учурунда тажрыйба алмашуу маселелери жана ата мекендик компаниялар менен кызматташуунун келечеги талкууланды.

Андан соң Адылбек Касымалиев халал стандарты боюнча иштеп жаткан “ИTLE” даяр тамак-аш заводуна барды, анда кыргыз делегациянын мүчөлөрү тамак-аш продуктыларын чыгаруунун толук цикли менен таанышты.

Заводдун кубаттуулугу суткасына 40 миң даана продукцияны түзөт, ал эми компаниянын продукциясы дүкөндөрдө гана эмес, үйгө жеткирүү менен базарларда да сунушталып жатканы айтылды.

Адылбек Касымалиев заводдун ишинин мындай форматы “кыргыз компаниялары үчүн гана эмес, керектөөчүлөр үчүн да абдан кызыктуу” деп белгиледи.

Андан ары делегация мүчөлөрү Зеленодольск шаарында жайгашкан № 18 М.В. Ломоносов атындагы көп тармактуу лицейге барды.

Билим берүү мекемесинин жалпы аянты 250 миң чарчы метрден ашат. Мектепте окуу бөлмөлөрү, бассейн, 500 орундуу чоң жыйындар залы бар.

“Ломоносов атындагы лицей – бул жөн гана билим берүү мекемеси эмес, ал балдардын муктаждыктарына жана жөндөмдүүлүктөрүнө негизделген экосистема” экендиги белгиленди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын жети шаарында жана эки айылында тогуз мектеп курулуп, аларда 11 миңден ашуун бала билим алат.

Ал ошондой эле бул лицейде класстарды уюштуруунун форматы жана эффективдүү системасы Кыргызстандагы 9 билим берүү мекемесинин курулушунда колдонулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

“Лицейде түзүлгөн шарттар окуучуларды эң мыкты билим алууга үндөп, бул процесстер алар үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу болот. Мектептин долбоору Кыргызстандагы мектептерди курууда үлгү болооруна ишенем”, - деди Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий