• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Агарт" башталгыч мектеби тууралуу маалымат чындыкка төп келбейт – Билим берүү министрлиги

Коом 0


Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы "Агарт" башталгыч мектеби тууралуу тараган маалыматтар чындыкка төп келбейт, - деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “Агарт” башталгыч мектеби былтыркы окуу жылында эле жабылган.

Айылда 1-класска бара турган бир окуучу жакын жайгашкан башка кыштактагы мектепке жөнөтүлгөн. Мектептеги жалгыз мугалимди жумушка орноштуруу боюнча учурда Ноокат районунун билим берүү бөлүмү алектенип жатат.

Маалыматка ылайык, аталган мектепте 1-4-класстын окуучулары, башкача айтканда 12 бала билим алчу.

Министрлик белгилегендей, азыркы учурда өлкөнүн бардык окуу жайларынын маалыматтык базасын камтыган Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү аяктоодо. Бул система жыл сайын мектептердин комплектөөсүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий