• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Айбек Абдымомунов Чүй облусундагы спорт мектептеринин абалы менен таанышты

Спорт 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Ысык-Ата жана Чүй райондорунун спорттук мектептерин кыдырды.

Департаменттен билдиришкендей, алгач Ысык-Ата районунунун Кант шаарында жайгашкан балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине жана Спорттун кышкы жана оюн түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине барып, имараттардын абалы, кызматкерлердин иштөө шарттары жана жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты.

Андан соң Кеңеш айылында жайгашкан бокс боюнча спорттук залына барганда, кызматкерлер толук кандуу машыгуу өткөрүү үчүн бир нече көйгөйлөр бар экендигине токтолушту. Өзгөчө спорттук залда жуунганга суу жана кыш мезгилинде жылытуу системасы жоктугун айтышты. Өз кезегинде министрдин орун басары жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Чүйдүн дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчисине тапшырма берди.

Андан кийин Токмок шаарына жакын жайгашкан Чүй районундагы дзюдо жана бокс боюнча спорттук залдарга барды. Анда жакында алып берилген татамини жана бокс рингин көрүп, мындан ары дагы департамент тарабынан жетишпеген спорттук шаймандар берилерин убада кылды.

Иш сапардын соңунда жумуштарды активдештирүү, кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Иш-чаралардын планынын алкагында аткарылып жаткан иштерди толугу менен жана бекитилген мөөнөттө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий