• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кемин, Жети-Өгүз жана Лейлек райондорунун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тиешелүү чечимге ылайык, үч райондун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызматтан бошотулгандар:

  • Жетенбаев Кайрат Рахымбаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары кызматынан бошотулду.
  • Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

  • Дүйшембиев Адилет Керээзбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

  • Ташбалтаев Абдирашит Каримович Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Ал эми Жумабеков Жалын Самудинович Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий