• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эмгек министрлиги Москвада кыргызстандыкка компенсация алууга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандыкка 715 миң рубль компенсация алууга жардам берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран ушул жылдын март айында өндүрүштүк жаракат алып, В.Виноградов атындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсүнөн кийин иш берүүчү 715 миң рубль өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча компенсация төлөп берген.

Мындан тышкары, Өкүлчүлүк тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга көмөк көрсөтүлдү.

Учурда анын абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарылоону улантууда.

Пикир

Оставить комментарий