• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сак болуңуз! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө:

  • Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.

"Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз “112” кызматына тезинен кабарлаңыз", -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий