Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Давлетов Айбек Абубакирович 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Айбек Давлетов Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
11/02/22 15:54 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий