• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айбек Молдогазиев АКШдан келген бизнес-делегация менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.10.22./Кабар/. Кечээ, 24-октябрда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка-Кыргызcстан ишкерлер кеңешинин төрагасы Филип де Леон баштаган АКШдан келген бизнес делегация менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, АКШ делегациясынын курамында General Electric, Visa, Coca-Cola, Valmont, Medtronic, Borusan сыяктуу бир катар ири америкалык компаниялардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстанда инвестиция тартуу жана өндүрүштү кеңейтүү маселелерине токтолушту.

Министрдин орун басары Молдогазиев Кыргызстан чет мамлекеттер, анын ичинде АКШ менен соода-экономикалык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин айтып, экономикалык дипломатия жаатындагы өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан ары америкалык компаниялар кыргызстандык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө, өнүктүрүү жана кызматташуу пландарын иштеп чыгууга, КРдагы төлөмдөрдү санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууга, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Төрага Филипп де Леон бизнес миссиясынын негизги максаты Кыргызстанга америкалык инвестицияларды илгерилетүү жана алардын өлкөдө иштөө шарттарын изилдөө экенин белгилеп, КР министрлер кабинети менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Маалымат үчүн: АКШ-Кыргызстан ишкер кеңеши коммерциялык эмес түзүм, АКШ менен КР ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган жеке жана көз карандысыз соода бирикмеси.

Пикир

Оставить комментарий