• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айбек Молдогазиев Австралия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австралия Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Джон Гирингдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Айбек Молдогазиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий