Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов менен жолукту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстан менен Беларустун борборлорунун шаарлар аралык байланыштарын кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Айбек Жунушалиев менен Сергей Молунов экономикалык, маданий жана билим берүү тармагында активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Шаарлар аралык кызматташуу жана инфраструктураны өнүктүрүү, шаарларды тейлөө жаатында тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Тараптар шаарларды туруктуу өнүктүрүүгө жана алардын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Сергей Молунов Бишкек менен Минсктин мындан аркы кызматташуу үчүн олуттуу потенциалы бар экенин баса белгилеп, өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларусь элдеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана достукту чыңдоого багытталган өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү пландарын иштеп чыгуу жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий