Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Чынгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө анын талапкерлигине 76 депутат "макул", 2 депутат "каршы" добуш берди.
Эске салсак, Ч.Айдарбеков КР Тышкы иштер министри, Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.
Пикир
Оставить комментарий