Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.
Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат.
Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынарын эскертет.
Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий