• 87
  • 91.29
  • 0.84

Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жаранга айып салынды – ЖКККББ

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жаранга айып салышты.

Маалыматка ылайык, айдоого укугу жок унаа башкарып (таптакыр айдоочулук күбөлүк алган эмес), ал аз келгенсип, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуга 35 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

"Таанышына видео чалуу менен маселени жеринен чечкенге аракет кылганы менен анысынан майнап чыкпады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий