Айдоочулук укугунан ажыратылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 01.03.18 /Кабар/. Бишкек шары боюнча ЖКККБ кызматкерлери “Мицубиси Галант” маркасындагы B13-43 AJ номерлүү унааны айдап бара жаткан шаар тургуну 1991-жылы туулган Медельев Тилек Медельевичти кармашкан. Анын айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди.

Административдик ишти кароодо Т. М. Медельев 2018-жылдын 31-январында КРнын Административдик жоопкерчилик кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Мас абалында унаа башкаруу) КРнын Жогорку соту тарабынан айдоочулук укугунан ажыратылган.

Унаа атайын айып токтотуу жайына киргизилди.

Т.М. Медельевге карата КРнын Административдик жоопкерчилик кодексинин 243-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Айдоочулук күбөлүгү жок же айдоочулук укугунан ажыратылган адамдын унаа каражатын башкаруусу) административдик иш козголду. Жоопкерчилиги – 5000 сом.

КР ИИМ ЖКККББ айдоочуларга эскертет: КРнын Жол кыймылынын эрежелеринин 2.1.1. пунктуна ылайык, айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү, ал эми айдоочулук күбөлүгү белгиленген тартипте алынган болсо, убактылуу күбөлүгү болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий