• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан 76 кг чейинки салмакта 1/8 финалда кытайлык Вэнь Юань менен кез келди.

Таймаш 4:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызынын пайдасына чечилди.

Эми кыргызстандык балбан чейрек финалда Ритика (Индия) - Бернадет Наги (Венгрия) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий