Айпери Медет кызы Алматыдагы эл аралык мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 76 кг салмакта катышууда. Жарым финалда индиялык спортчуну ышкырык жанганда эле белине өтүп, үч-төрт жолу айлантып, мөөнөтүнөн мурда (10:0 эсебинде) жеңишти илип кетти.

Финалда Айпери египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий