Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Айпери Медет кызы 16-24-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына 76 кг чейинки салмактык категорияда 1/16 финалынан тарта катыша баштады.

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

Чейрек финалда кыргыз спортчусу Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келет.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы чемпионаттын 1/16 финалында канадалык спортчуга жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий