Айсулуу, Акжол баштаган балбандар Польшадагы эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтө турган Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

  • 60 кг - Жоламан Шаршенбеков;
  • 67 кг - Амантур Исмаилов;
  • 67 кг - Раззак Бейшекеев;
  • 77 кг - Акжол Махмудов;
  • 97 кг - Үзүр Жузупбеков;

— башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

  • 59 кг - Калмира Билимбек кызы;
  • 62 кг - Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг - Мээрим Жуманазарова;
  • 76 кг - Айпери Медет кызы;

— башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.

Пикир

Оставить комментарий