• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык грек-римчилер Ташкентте окуу-машыгуу жыйынына катышууда

Спорт 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Окуу-машыгуу 6-20-декабрь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Жоламан Шаршенбеков, Афтандил Таалайбек уулу (60 кг);
  • Аманат Самат уулу (76 кг);
  • Акжол Махмудов (77 кг);
  • Атабек Азизбеков, Азат Салидинов, Асан Жанышов (87 кг);
  • Бексултан Махмудов (97 кг);
  • Арсен Эралиев — улук машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу;

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылдын календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий