Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылына жаңы аллея курулат – эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылына жаңы аллея курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Мындан тышкары, аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар реконструкцияланат.

"Курула турчу аллеянын сметалык наркы 6,9 млн сомду түзүп, каражат Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан бөлүндү. Жаңы аллеянын курулушун 2024-жылдын I жарым жылдыгында аяктоо пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий