• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Товардын наркы 1,8 млн сом. Бажы кызматкерлери аткезчиликке бөгөт койду

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчиликке бөгөт койду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ош облусундагы оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан С.Б.Ж. аттуу КР жаранынын башкаруусунда Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүүдө жалпы салмагы 12 242 кг түзгөн товар – куруу шаймандары табылды. Жалпы наркы 1,8 миллион сомду түзгөн товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташып киргизилген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий