• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"АЮ Гранд Комфорт" соода борборундагы өрттөн улам эки калкты тейлөө борбору ишин токтотту

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. "АЮ Гранд Комфорт" соода борборунун имаратында электр калканда өрт чыгып, натыйжада имаратта электр жарыгы өчүп калган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү кызматы барган. Өрт толук өчүрүлүп, бардык жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.

Учурда "АЮ Гранд Комфорт" соода борборунда жайгашкан авто калкты тейлөө борбору (АвтоКТБ) жана калкты тейлөө борбору-2 (КТБ-2), "119" колл-борборунун ишмердүүлүгү көйгөйдү чечүүгө чейин убактылуу токтотулуп турат.

Пикир

Оставить комментарий