• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ноокен районунда төрт логистикалык борбор иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда жашылча жана мөмө-жемиштерди сактап туруучу 4 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкер тарабынан курулган 2000 тонналык, Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү «Шедрая Долина» айыл чарба кооперативинин 1000 тонналык, «Бүргөндү» айыл чарба сервистик кооперативи 150 тонналык, Достук айыл өкмөтүнүн Шаркыратма айылындагы Жалал-Абад айылдык консультация кызматы коомдук фондунун «Дыйкан ордо» 100 тонналык логистикалык борбору.

Андан сырткары, аталган фонд тарабынан 2020-жылы айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү менен экспорттоого шарт түзүү максатында, Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылынын Ош-Бишкек унаа жолунун жээгине 300 тонналык муниципалдык логистикалык борбор ачылган. Ага 3 млн 500 миң сом каражат сарпталган. Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында да жеке ишкер тарабынан 4 млн сомго 200 тонналык муздаткыч орнотулуп, пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий