• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Айыл чарба министрлиги асыл тукум мал багуу боюнча кеңеш берет

Коом 0


Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу асыл тукум малды көбөйтүү, малды сандан сапатка өткөрүү иштери жылдан жылга өнүгүүдө.

Сее сресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда каалаган асыл тукумундагы букалардын уруктарын жергиликтүү тукумдагы уйларга жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу сапаттуу төл алууга мүмкүн. Асыл тукум малдарынын азыктүүлүгү тандалган асыл тукум малдын багытына байланыштуу болот.

"Мисалга, сүт багытындагы, эт багытындагы уйлар менен аргындаштырылса малдын азыктуулугу ошол багытка карап жогорулайт, натыйжасында эт жана сүт берүүсү жөнөкөй тукумдагы уйлардан кыйла жогору болуп, кирешеге кыйла оң жагына таасир этет. Анткени, асыл тукум малдын тоютуна болгон сарптоолор жөнөкөй тукумдагы малдардыкындай эле сарпталып жана чыгымы аз, бирок кирешеси көп малдарга ээ боло аласыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий