• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда токой өсүмдүктөрүнүн 28,4 тонна үрөнү даярдалды

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын токой чарбалары токой өсүмдүктөрүнүн 28,4 тонна үрөнүн даярдады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үрөн эмдиги жылы 1070 гектар жерге себилет. Бүгүнкү күндө 2024-жылдын эсебинен экме токойлорду эгүү 194 гектарды түздү.

1-декабрга карата көчөтканаларга дарак тардын үрөндөрү 8,73 гектарга себилди.

43,7 миң даана мөмө-жемиш дарактарын кыйыштыруу жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий